Орус футболчусу Павел Погребняктын жубайы кыргызстандык таксистти чаап жиберген. Эмнеге?

Москвада орус футболчусу Павел Погребняктын жубайы Мария Погребняк кыргызстандык таксистти жаакка чаап жиберген. Бул тууралуу  Sport.RU сайты бүгүн, 11-январда жазып чыкты.

Алардын маалыматына караганда, окуя Москванын көчөлөрүнүн биринде болгон. Мария менен айдоочу Актилек айтыша кетип, Мария аны жаакка чапкан. Айдоочу Марияны машинадан «алып ыргытып» жиберип, жеке буюмдарына зыян келтирген. Мариянын айтымында, Актилек аны үйүнүн алдына чейин жеткире алган эмес, анткени ал жакка кошумча акы төлөө керек болгон. Актилек футболчунун жубайына үйүнө чейин жөө басып кетүүнү суранган, бирок Мария бултуңдап, чаап жиберген.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *