Орус-казак чек арасында турган өзбекстандыктардын өтүп кетүүсүнө уруксат берилди

Орусия менен Казакстандын чек арасында турган өзбекстандыктардын өтүп кетүүсүнө уруксат берилди. Бул тууралуу Өзбекстандын Татарстандагы башкы консулу Фариддин Насриев билдирди:

— Бул орус жана казак тарап менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы. Жарандарыбызды алып кетүү үчүн автобустарды уюштуруп жатабыз. Казакстандын Өзбекстандагы элчилиги да транспорт бөлүп берүүдө.

Ал сүйлөшүүлөр оңой болбогонун белгилеп, чек арага мындан кийин келген жарандар өткөрүлбөсүн кошумчалады.

«Эгер Өзбекстанга барууну каалаган башка жарандар чек арага келсе өткөрүлбөйт. Өзбекстандыктарды туруктуу же убактылуу каттоодо турган жерлерден чыкпоого чакырабыз. Өзбекстанга атайын уюштурулган чартердик каттамдарга катталып, кезек жеткенде учуп келүүгө болот», — деди Насриев.

Өткөн жумада жүздөгөн өзбекстандык мигрант орус-казак чек арасынан өтө албай турушканы кабарланган. Алар казак жана өзбек өкмөттөрүнөн транзиттик жол ачууну суранышкан. Мигранттар Казакстан 11-майда Орусия менен чек арасын ачат деген үмүт менен жолго чыгышканын, 10 күндөн бери өтө албай турушканын айтышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *