Орусия бизнес жүргүзүүдөгү жеңилдик боюнча 40-орунга чыкты

Дүйнөлүк банк Doing Business 2017 аттуу жыл сайын өтүүчү рейтингин жарыялады. Эксперттердин бүтүмүнө ылайык, Орусия эки жыл катары менен бизнести жүргүзүү боюнча абалын жакшыртып, 51-орундан 40-орунга жылды.

Постсоветтик өлкөлөрдүн арасынан Эстония (12), Латвия (14), Грузия, (16) Литва (21) , Казакстан (35), Беларус (37) жана Армения (38-орун) Орусияга караганда алдынкы сапта турушат. Литва жана Армениядан башка мамлекеттер көрсөткүчтөрүн бир нече пунктта жакшыртышты.

Дүйнөлүк банктын эксперттери белгилегендей, бизнес жүргүзүүнү жеңилдетүү боюнча абал Азербайжанда (65-орун, 2 пункт кем) жана Кыргызстанда (75-орун, 8 пункт кем) начарлаган.

Эң төмөнкү орунда Сомали турат.

Жыл сайын өтүүчү Doing Business рейтинги Дүйнөлүк банк жана Эл аралык каржы корпорациясы тарабынан жүргүзүлөт. Эксперттер дүйнөдөгү 190 өлкөгө бизнести баштоо, салык төлөө, жеке мүлктү каттоо жана эл аралык сооданын өнүгүшү сыяктуу ченөлчөмдүн негизинде баа беришет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *