Орусия, Орусия бир боор энем, Орунбордун кыргыздарга койну кенен

1937-жылы «Совет бийлигине каршы иш жүргүзгөн, контрреволюциялык Троцкийчилер уюмда турган» деген жалган жалаа менен камакка алынган Ж. Абдрахмановго 1938-жылы 4-ноябрда СССР Жогорку сотуну  аскер коллегиясынын атынан Совет бийлигин кулатуу, Кыргызстандын СССРден ажыратууну жана буржуазиялык-улутчулдук мамлекет түзүүнү максат кылып, Троцкийчилердин уюмун колдогон деген жалаа жабылган. Андан башка да бир катар күнөөлөр коюлган жана эң оор жаза берилеген. 1938-жылы 5-ноябрда «Чоң-Ташта» 138 адам менен кошо атылган. 1991-жылы сөөгү «Ата-Бейит» көрүстөнүнө коюлган. 1958-жылы СССР Жогорку Сотунун аскердик коллегиясынын аныктамасы менен толук акталган жана ага тагылган саясий айыптоолор алынып ташталган. 1989-жылдын январында Кыпгызстан Компартиянын Борбордук Комитетинен бюросу Ж.Абдрахмановдун 1933-жылы пратиядан негизсиз чыгарылгандыгын ж.б. жагдайларын эске алып, партиялуулугу калыбына келтирилген.

Абдрахмановдун архивден табылган Оренбургдагы ишмердүүлүгү бааланып, арадан токсон жыл убакыт өткөндөн кийин Оренбург шаарында эмгектенип жатышкан мекендештерибиз «Мекендеш» кыргыз диаспорасынын жетекчиси, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Оренбург шаарындагы консулу Жандар уулу Таалай Жусуп Абдрахмановдун мемориалдык тактасын Оренбург шаарындагы өзү жашаган Набережная көчөсүндөгү №18 үйгө коюу тууралуу аракеттенип, бир нече жерден уруксат кагазын алып, Оренбург облусунун бийлик башындагыларга кайрылган. Оренбург облусунун жетекчилиги кыргыздардын отүнүчүн канааттандырып, тарыхка так калтырган 1930-чу жылдардагы кыйын күндөрдө Оренбург облусунун айыл чарбасын, социалдык экономикасын көтөрүүгө бардык кайраты менен эмгектенген кыргыз уулунун эмгегин баалап, аны кийинки муундар эскерип туруу максатында Жусуп Абдрахмановдун мемориалдык тактасын орнотууга уруксат берип, быйылкы жылдын 29-майында Оренбург шаарында өзгөчө митинг-реквием менен ачылды. Жогорудагы Э.Арабаевдин «Медресе-Хусаиниядагы» мемориалдык тактачасы экөө бир күндө коюлуп, Эл аралык конференция менен коштолду.

Быйыл 1937-38  жылдардагы ререссия курмандыгына аиланган эл уулдарын эскерүүнүн 80- жылдыгы. Эл үчүн эмгектенген эр азаматтар өз мекенинде эле эмес, алар кызмат кылган бөтөн жерлерде да даңкталууга жана баркталууга тийиш. Алардын айтыла элек жактарын, ачыла элек архивдерден алып чыгууга биз сыяктуу тарыхчы илимпоздор мамлекеттин колдоосу менен шыр киришиши керек деп эсептейм.

Оренбургдардан окуган учкуч баатыр-Ысмайыл Таранчиев

УлууАтаМекендик согуш кыргыз элинин тарыхында орду толгус жоготууларды алып келген кандуу кармаш, үрөй учурган окуя катары калды. Жеңиш туусун эрте камсыз кылыш үчүн элибизден эчендеген Советтер Союзунун Баатырлары чыкты. Эрдикке тете иш кылып, бирок, убагында бааланбай кашгөй каармандыгы кеч болсо да ачыкка чыгып Советтер Союзунун Баатырлыгын алган кыргыз учкуч Ысмайылбек Таранчиев да ушул Оренбург шаарындагы 3-авиациялык мектептен окуган.

Советтер Союзунун Баатыры Ысмайылбек Таранчиев 1923-жылы 6-апрелде Аламүдүн районундагы Беш-Күнгөй айылында жылкычынын үй-бүлөөсүндө туулган. Көп бир туугандын эң улуусу болгон. Алгач мектеп интернаттан билим алгандан кийин, Кыргызстандагы алгачкы окуу жайлардын бири кооператив техникумунда окуган. Ошол студенттик күндөрүндө эле Фрунзе шаарынын чок ортосундагы Кызыл-Жылдыз (азыркы Панфилов) паркындагы парашют менен секирүү мунарасынан алгачкы учкучтук кадамын жасаган.

Согуштук учкучтарды даярдоодо Кыргызстандагы осоавиахим мектебинин ролу зор болгон. Анын курсанттары М.Афанасьев, М.Бабкин, Е.Мазков, Н.Рудь, Н. Мирошниченко Советтер Союзунун Баатырлары, ал эми Т.Бегелдинов эки жолку Советтер Союзунун Баатырын алган. Ж.Мусаева, Ж.Жунушбаева, М.Засулина учкучтук адисти үйрөнүшкөн алгачкы кыздардан эле. Ушул аэроклуб 800 адамга учкучтук жолдомо берген. Алардын арасында Ы.Таранчиев да болуп, аэроклубду артыкчылык диплому менен аяктаган.

Улуу Ата-Мекендик согуштун алгачкы күндөрүндө 1941-жылдын 20-июлунда Советтик Армиянын катарыначакырылып,учкучтук жөндөмүнөн улам Оренбург шаарындагы 3-авиациялык мектепке жөнөтүлөт. Ал жерден учкуч-штурмоочулук кесипти алгандан кийин 1943- жыл 566-штурмалоочу авиациялык штурмалоочу Кызыл Туу ордендүү Солнечногорск полкуна жиберилген. Бул полк Ленинград фронтунун курамына келген.

Ысмайыл Таранчиев жеке өзү душмандын 5 танкасын, 38 жүк ташуучу машинасын, 3 самолетун, 3 артиллериялык замбирегин жана бир нече аскерин жок кылган. 1944-жылы 18-мартта кезектеги күжүрмөн тапшырманы аткаруу учурун да анын замелотуна зениттик снаряд тийип, өз аймагына учуп жетүүгө мүмкүн болбой калгандыктан, жолборс жүрөк кыргыз шумкары күйгөн исамолетун душмандын танктык калоннасына карай шукшурултуп, баатырларча таран жасоо менен душмандын алты танк, үч бензин куюучу машинасын өзү менен кошо жарат. Немецтик-фашисттик баскынчыларга каршы күрөштө майданда күжүрмөн тапшырмаларды аткаргандыгы жана көрсөткөн эрдиги үчүн ал Советтер Союзунун Баатыры наамына көрсөтүлүп, бирок ал наам өз убагында берилбей калган. Эрдиги кеч эскерилип 1991-жылдын 5-майында СССРдин биринчи жана акыркы президенти М.С.Горбачевдун жарлыгы менен Советтер Союзунун Баатыры наамына татыган. Ал эрдик көргөзгөн Нарва-Таллин шоссе жолунун 20 чакырымында Синимяэ тоосунун этегинде Ы.Таранчиевге арналып гранит обелиск орнотулган. Анын ысымында Таш-Дөбө айылындагы кыргыз-түрк жатак мектеби, Беш-Күнгөй айылындагы көчө жана Бишкектеги аэроклуб аталган. Оренбургдагы учкучтар мектебинен жердештерибиз Советтер Союзунун эки жолку Баатыры Талган Бегелдинов жана Советтер Союзунун Баагырлары М. Афансьев, М.Бабкин, Е.Мазков, Н.Рудь, Н. Мирошниченколор дагы окугандыгы анык.

(Уландысы кийинки санда)

Жумагул Байдилдеев, Тарых илимдеринин кандидаты, доцент архив-тануучу Бишкек-Оренбург

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *