Орусия, Орусия бир боор энем, Орунбордун кыргыздарга койну кенен

Союздук тутумдагы кыргыз мамлекеттүүлүгүн пайдубалын түптөгөн, кыргыз интеллигенциясынын алдыңкы өкүлдөрүнүн бири Жусуп Абдрахмановдун да акыркы күндөрү дал ушул Оренбург шаарында өтүп, облустук жер бөлүмүндө жетекчи кызматта иштеп турган мезгилде 4 -апрель 1937-жылы Оренбург облустук НКВДсы тарабынан Набережная көчөсү №18 үйдөн камалган боюнча репрессияланган.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалын түптөшкөн, кыргыз интеллигенциясынын ичинен саясий куугунтуктоолорго Э.Арабаев, А.Сыдыковдор менен бирге эле Жусуп Абдрахманов дагы биринчилерден болуп илинген. 1933-жылы уюшулган куугунтуктоолордун кесепетинен кызматынан бошоп, партиядан чыгарылгандан кийин, Россияга кетүүгө аргасыз болот. 1933-1935-жылдары Самара шаарында, ал эми 1935-1937-жылы Оренбург облустук жер бөлүмүнүн мал чарба башкармасынын башчысынын орун басары болуп иштеген.

Россиянын Санк-Петербург, Москва, Оренбург шаарларындагы архивдерден кыргыз тарыхына тиешелүү архивдик материалдарды изилдөөдө өзгөчө кыргыз элине белгилүү инсандардын тагдырына кызыктым. Оренбург облустук мамлекеттик архивинен иштөө мезгилимде, Жусуп Абдрахмановдун Оренбург шаарында иштеген жана ал жерден камалган акыркы күндөрү мени кызыктырды. Бирок, биринчиден аз убакыт оолгонума байланыштуу экинчиден ал иштеген малчарба башкармалыгынын документалдык материалдарды сактоого 1939-жылдан баштап өткөргөндүктөн Ж. Абдрахмановдун иштеген изин табуу мага кыйынга турду. Антсе да, көктөнүп жатып кесипкөй эс тутумум менен Ж.Абдрахмановго тиешелүү маалыматтарды ала алдым.

Жусуп Абдрахманов өзүнүн жазган эмгектеринде жана жогорку органдарга жазган каттарында улуттук жумушчу табын түзүү, улуттук кадрларды өстүрүү, кыргыз тилин өнүктүрүү мамлекеттик мекемелердеги иш кагаздарды эки тилде жүргүзү үнү колго алуу, ал эми 1930-жылдын 15-апрелинде Сталинге жазган катында Кыргыз Автономиялык Республикасын Союздук республикага айландыруу зарылдыгын далилдүү жана ишенимдүү фактылар менен көрсөткөн.

Архивдик материалдарда калган Жусуп Абдрахмановдун иш кагаздарына күбө болгон ар бир инсан анын орус тилинде өтө жакшы сүйлөй жана жаза билгендигин, жыйналыштарда, эл арасында сүйлөй турган сөздөрүн, докладдарын өз колу менен жазып, өзү редакциялап, ой жүгүрткөнүнө күбө болот.

Ошол мезгилде Оренбург облустук облжер бөлүмүнүн мал чарба башкармалыгында 27 адам иштеген. Башкармалыктын башчысынын орун басары Ю. Адрахманов деп жазылган. Алган маянасы 450р. Запастагы командирлик курамга кирген. Оренбург шаарындагы Набережная көчөсү 18 үйүндө жашаган.

Өзгөчө жашыруун делген иш кагазда 1937-жылдан кабар берет. Анткени бул көктөмөдө облжер башкармалыгындагыларды каралоо, бири-биринен шектенүү, түшүнүк каттар жана башка жүрөк үшүн алган малыматтар камтылган. Андан мал чарба башкармасынын башчысы Сурков орун басары Ж. Абдрахмановду көрө албастык менен мамиле кылганын баамдасак болот. Сурков Ж. Абдрахмановго төмөндөгүдөй кызматтык мүнөздөмө берген.

«Абдрахманов Ю. А. 1901-жылы туулган. Партияда жок. Социалдык абалы көчмөн кыргыз. Мал чарба башкармалыгынын башчысынын орун оасары болуп иштейт. Чарбачылык иштерде жана аппаратта уюштуруучулук тажрыйбасы бар. Бирок, иштеген иштеринде демилгеси аз, жай жана начар. Кээ бир маселелерди саясатташтырып жиберет».

Мына ушундай мүнөздөмө берген Сурков Абдрахмановдун кол алдындагыларын кодулай баштаган. Мисалы, зоотехник Подтихов мурдагы ак офицер, завсектор Рекутин Виктор Феодорович мурдагы армиянын офицери поручик Ю.Абдрахманов менен мамиледе көп сүйлөшөт деп, жашыруун бөлүмгө билдирүү жөнөтүп турган.

Акыры 1937-жылдын 4-апрелинде Оренбург областтык НКВД сынын кызматкерлери Жусуп Абдрахмановду Оренбург шаарындагы Набережная көчөсү номуру 18 үйдөн камап кетишкен.

(Уландысы кийинки санда)

Жумагул Байдилдеев, Тарых илимдеринин кандидаты, доцент архви таануучу Бишкеек-Оренбург

Булак: “Де-Факто”

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *