Орусия ТИМи сайты хакердик чабуулга кабылганын тастыктады

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин сайты хакердик чабуулга кабылганы расмий түрдө тастыкталды. ТИМ өкүлү Мария Захарова билдиргендей, учурда министрликтин адистерди бул операциянын артында кимдер турганын иликтеп жатышат.

21-октябрда CNN телеканалы The Jester (“Шут”) каймана аты менен белгилүү америкалык хакер Орусия ТИМинин сайтын бузуп, АКШга карата кибер чабуулдарды токтотууга үндөгөн билдирүү калтырып кеткенин кабарлаган. “Мүмкүн, силер коңшу өлкөнүн сесин алып жаткандырсыңар, бирок бул Америка. Бул жерде мунуңар эч кимди таасирленткен жок”,- деп жазылган билдирүүдө.

CNN маалыматы боюнча хакер ТИМ сайтын америкалык Twitter, PayPal, Amazon, Spotify, Ebay, Netflix жана Vox сыяктуу ири сайттар жана сервистердин провайдерлерине жасалган чабуулдарга жооп иретинде бузган. ФБР жана АКШ Улуттук коопсуздук министрлиги иликтөө жүргүзүүдө.

Октябрдын башында Кошмо Штаттар Орусияны Американын шайлоо алдындагы жараяндарына таасир этүү үчүн хакердик чабуулдарды жасоодо деп айыптаган. Москва кинелерди четке каккан. Кийинчерээк АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгы орусиялык кибер операцияларга жооп даярдап жатканы белгилүү болгон.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *