Орусиялык рэп аткаруучу Тимати “Black Star” брендинен кетээрин коомчулукка жарыялады

Орусиялык рэп аткаруучу Тимати “Black Starдан” кетээрин коомчулуккка жарыялады. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм баракчасына жазды.

27-июлдан баштап Тимати мындан ары компаниянын ишмердүүлүгүнө тиешеси жок жана анын артисттери менен алектенбейт. Ошол эле учурда, ал бир нече негиздөөчүнүн үлүштөрүн жана бир катар долбоордун укугун сактап калган, үч компания анын жоопкерчилигине өткөн.

“Мен көп нерсени өзгөртүүнү, таза барактан бир нерсени баштоону кааладым, бирок менин баракчам эч качан таза болбойт. Мени чоң өзгөрүүлөр күтүп турат, бул мага көптөн күткөн кубаныч тартуулайт” – деп билдирди ал.

Ошондой эле, анын айтымында көз карандысыз келечекте пландары көп.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *