Орусиянын экинчи базасы керек эмес…

Орусиянын алмашкыс Тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанга иш сапар менен келип кетти. Анын иш сапары Путиндин март айынын этегинде Кыргызстанга жасай турган расмий иш сапарына карата болду. Биздин бийликтин өкүлдөрүнө Лавров Орусиянын Кыргызстанга экинчи аскердик базасын ачуу сунушу Кремлдики эмес экенин айтып, бул маселени жаңы элчи Аликбек Жекшенкуловдон угуп таң калганын жашырбады. Ал: «Кыргызстанда Орусия 2-авиабаза ачат деген маалымат расмий деңгээлде талкуулана элек», – деди. Деги эде Кыргызстанга орустардын экинчи базасынын эмне кереги бар эле? Аскердик базага муктаждык деле жок болчу. Андан көрө Канттагы орустардын базасын түштүккө көчүрүп койсо, ошол эле жетмек.

Булак: «Багыт»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *