Орусиянын Сибиринде кыргыз жараны 200 гр баңгизат үчүн 20 жылга кесилгени турат

Сургут шаарынын прокурору Кыргызстандын 28-жаштагы жаранына акыркы айыпты койду. Бул тууралуу 14-январда Югранын Ханты-Мансийск автоном аймагынын прокуратурасынын сайтына жарыяланды.

“Тергөө учурунда кыргызстандык 2019-жылдын ноябрында аныкталбай калган кишилерден синтетикалык баңгизат алып, аны Сургут шаарында сатуу максатын койгон. Бирок жашаган дарегинен полиция тарабынан кармалып, үйүнөн 200 гр баңгизат табылган”, -деп айтылат маалыматта.

Ал Орусия Федерациясынын Кылмыш кодексинин 228.1- беренисинин 4-бөлүмү, 30-беренесинин 3 бөлүмү боюнча “Ири көлөмдө баңгизат сатууга аракет кылуу” деген айып менен камакка алынган. Кылмыш иши сотко өткөрүлдү.

Мындай кылмыш боюнча Орусияда 1 млн рубль айып пул салынып, өзү 20 жылга эркинен ажыратылат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *