Орусиянын жаңы премьер-министри Михаил Мишустин эмнеси менен белгилүү?

Орусиянын президенти В.Путин 16-январда Федералдык салык кызматынын башчысы Михаил Мишустинди өкмөт башчылыгына көрсөтүп, аны Мамлекеттик дума колдоп берди.

2019-жылы ноябрда салык кызматынын башчысы М.Мишустин Салыкчылардын күнүндө акыркы 5 жылда салыктын көлөмү 1,4 эсе өскөнүн белгилеп, ИДПдагы салык кирешесинин үлүшү 4%га жогорулаганын келтирген. 10 жыл бою салык кызматынын башында турган Мишустин муну “экономиканы массалык түрдө агартуунун таасири” деп атаган.

Мишустин 53 жашта, Москвада туулган. Москванын станкоинструменталдык институтун (СТАНКИНди) “автоматташтырылган долбоорлоо системасы” кесиби боюнча аяктаган. 90-жылдары Эл аралык компьютердик клубдун тест лабораториясынын директору болгон, андан соң клубдун башкы директорунун орун басары, клуб башкармалыгынын төрагасы болгон.

Мансабы 1998-жылы башталган. “Чуу” дегенде эле Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалган. 2004-06-жылдары кыймылсыз мүлктөр объектилеринин кадастр федералдык агенттигин жетектеген, 2007-08-жылдары өзгөчө экономикалык аймактарды башкаруу федералдык агенттигинин жетекчиси болгон.

2008-жылы бизнеске кетип, активдерди башкарып, түз инвестиция менен алектенген UFG компаниялар тобунун президенти болот.

Федералдык салык кызматынын башчысы болуп 2010-жылдын апрелинде дайындалган. “Ведомости” гезити аны түртүп, көтөрмөлөгөн – ал кездеги каржы министри Алексей Кудрин экенин жазып чыгышкан эле.

Мишустин салык кызматына келе электе эле аябай бай киши болгон. 2009-жылдагы декларациясы боюнча анын кирешеси 78,6 млн рублди түзгөн. Forbes журналынын көз карашында, президент ага чоң ишеним артып келген. Өкмөттөгү кесиптештери Мишустин принципиалдуулугун, айтканынан кайтпаган өжөр жана катуу технократ экенин белгилешет. Ысымын жашырган кесиптеши: “Мишустин, керек болсо, тоону да ордунан козгоп коет” деген мүнөздөмө берет. Ал салык реформасын жүргүзүп, “Салык-3” аттуу автоматташтырылган маалымат системасын киргизген. Санариптик система оң жыйынтыктарды бергенин Путин да белгилеген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *