“Ош базарында” башаламан курулган соода түйүндөрү алына баштады

Ош базарында башаламан соода жоюлууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ленин районунун акимчилигинин кызматкерлери Бейшеналиева, Киев, Токтогул көчөлөрүндөгү жана Чүй проспектисиндеги мыйзамсыз соода түйүндөрүнүн ишин токтотту. Рейддин жүрүшүндө райондун жана милициянын кызматкерлери антисанитария, электрэнергиясын уурдоо, унаа кыймылына тоскоолдук жаратуу сыяктуу мыйзам бузууларды аныкташкан. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери унаалардын жүрүшүнө тоскоолдук жараткан, жол кыймылынын эрежелерин бузган, башалман курулган соода түйүндөрүнө карата 30дан ашуун административдик протокол түзүштү.

Рейддин бир эле күнүндө “Түндүкэлектро” ААКнын батыш филиалынын контролерлору мыйзамсыз орнотулган беш энерготүйүнүн кесишти. Алардын баары Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн ортосундагы Бейшеналиева көчөсүндө орун алып, тез татым азык түлүктөрүн даярдоо үчүн колдонулган. Текшерилген башаламан түйүндөр санитардык талаптарга жооп берген эмес.

Рейддин учурунда 25 ашуун жарнамалык жана жеңил түрдөгү конструкциялар алынган. Мындай рейддер 2019-жылдын 15-январына чейин күн сацын жүргүзүлөт.

Булак:KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *