Ош облусунда 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык 2017-жылдын 26-июнунда саат 06:39да Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда 5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул туурасында ӨКМ маалымдайт.

Жер титирөөнүн очогу Ош облусунун Алай районунун аймагында орун алган.

Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө, Нура айылдарында  4 балл, Кара-Киндик айылында 3,5 балл, Сары-Таш айылында 3,5 балл сезилген. Алдын ала алынган маалымат боюнча кыйроолор жок.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *