Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн, 16-сентябрда таңкы саат 05: 14тө Ош облусунун аймагында  күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районундагы Шоро-Башат, Жийде, Жыланды, Калта айылдарында жана Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Чангет айылында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *