Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Ош облусунда милиция коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө
КООМ

Ош облусунда милиция коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Ош ОИИБдин бөлүм жана кызматтарынын кызматкерлери жана жетекчилеринен атайын топтор түзүлүп, райондорго чыгып РИИБдин өздүк курамы, ИИОнун ардагерлери жана элдик кошундар менен биргеликте түнкү кайгуул иш-чараларын өткөрүшүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чара учурунда айрыкча Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат жана Араван райондоруна басым жасалып, жогорудагы төрт райондун аймагында көп улут жашагандыгына байланыштуу чагымчыл чакырыктарга ишенбөөгө жана ошондой аракеттер болсо укук коргоо орагандарына дароо билдирүү боюнча түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө.

Мындан сырткары ИИОнун кызматкерлерин кайгуул күзөт кылуу үчүн ар тараптуу бөлүштүрүп, базарларга, мал базарларга, автобекеттерге, эс алуучу жайларга жана коомдук тамактануучу жайларга барып, ал жердеги жарандарга COVID-19 жугуштуу илдетинин жайылышына жол бербөө, коргонуу каражаттарын колдонуу, жол кыймылынын коопсуздугун так сактоо жана мыйзамсыз иш аракеттердин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери алынып барылууда.

Ѳспүрүм бүтүрүүчүлѳрүбүз үчүн «акыркы конгуроо»-жашоосунун акыркы күнү болүп калбашы керек!

Япониянын Кыргызстандагы элчиси Ёсихиро Ямамура Жалал-Абадда медициналык жабдуулардын гранттык сертификатын тапшырды

Япониядагы круиздик лайнердеги карантин аяктады