Видео – Ош облусунда таажывирусту жуктурган дагы 2 адам катталды, өлкө боюнча алардын жалпы саны 16 адамга жетти

Бүгүн, 23-мартта Ош облусунун Ноокат районунда таажывирус жуктурган дагы эки адам катталды. Бул тууралуу өкмөттүн брифингде КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымы боюнча, алар 1960-жылкы аял жана эркек, экөө тең умрадан келгендер.

“23-мартка карата Кыргызстанда жалпысынан таажывирусту жуктуруп алгандардын саны – 16. Таажывирусун жаңы жуктуруп алган 2 адам менен байланышта болгон адамдарды изилдөө иш-чаралары улантылууда” – деди Айнура Акматова.

Булак: «KyrgyzToday»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *