Ош шаарында 20 жана 22 жаштагы үч жигит тоноочулукка шектелип кармалды

Ош шаарында, Сулайман-Тоосунда жарандарды тоноого шектелген 20 жана 22 жаштагы жигиттер кармалды. Бул тууралуу журналисттерге милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, акыркы бир нече айдын ичинде милицияга жети жаран арыз менен кайрылышкан, алар Сулайман-Тоосунда белгисиз адамдар аларды тоноп, уюлдук телефондорун жана акчаларын тартып алышкандыгын билдиришкен.

Аталган факт боюнча “Каракчылык” беренеси боюнча иш козголгон.

7-сентябрь күнү бул тоноочулукка шектелип, Өзгөн жана Кара-Суу аймактарынын 2000 жана 2002-жылы туулган үч тургуну кармалган. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *