Ош шаарында өрт чыгып той салону жана 2 турак үй толугу менен күйүп кетти

“2017-жылдын 3-август күнү саат 23:45 чамасында Курманжан-Датка көчөсүндө жайгашкан бир той салондон өрт чыгып, өрттүн кесепетинен той салон жана 2 турак үй толугу менен күйгөн. Жабыркагандар жок”, – деп маалымдайт ӨКМдин басма сөз кызматы.

Учурда өрттүн чыгуу себеби жана келтирилген  чыгымы такталууда.

КР ӨКМнин Ош шаардык №12 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм, КР ӨКМнин №13 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм, КР ӨКМнин №85 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылды.

2017-жылдын 4-август күнү саат 00:15де өрт чектөөгө алынып, саат 01:50дө өрт  толугу менен өчүрүлгөн.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *