Ош шаарында рентгенологиялык экспертиза айрым категориядагы жарандар үчүн акысыз жүргүзүлөт

Ош шаарында рентгенологиялык экспертиза айрым категориядагы жарандар үчүн акысыз жүргүзүлөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эки айдын ичинде “Юрфа” медициналык борборунда төмөнкү категориядагы жарандарга акысыз рентгендик кароодон өтүүгө болот:

– стационарлардын кызыл зоналарында, байкоо жана обочолонуу жайларында иштеген медициналык кызматкерлерге жана ыктыярчыларга;

– I жана II топтогу майыптар;

– 70 жаштан жогору пенсионерлер;

– Баатыр энелер;

– мамлекеттик жана үй-бүлөлүк балдар үйүндө, интернаттарда жашаган жетимдерге, ошондой эле ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *