Ошто үйлөнүү үлпөт тоюна бара жатып, унаанын терезесинен ок чыгарган жигит кармалды

Ош шаарында унаанын терезесинен асманга ок чыгарган адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Ош ШИИБнин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматтар боюнча, 12-сентябрда Ноокат районунда үйлөнүү той болуп, тойго барат жаткан балдардын бири унаанын терезесинен чыгып, асманга ок чыгара баштаган.

“20 жаштагы жигит кармалып, анын пневматикалык тапанчасы алынган. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы окуяны карап жатат жана кылмышкердин аракетине баа берет” – деп айтылат маалыматта.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *