Ош шаарында унаа уурдаган деп шектелген 16 жаштагы өспүрүм кармалды

Ош шаарында унаа уурдаган деп шектелген өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 20-июлунда Кулатов көчөсүндө токтоп турган Кызыл-Кыя шаарынын жашоочусунун «Дэу Дайхатсу» унаасы уурдалган. Ал шаардык ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (“Унаа уурдоо”) менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталды.

Ыкчам кызматкерлер тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, уурдалган унаа Кадамжай районунун Алга айылынын көчөсүнөн табылган. Унаанын алдыңкы бөлүгү талкаланган.

Кылмышка шектүү Ош шаарында кармалган. Ал Баткен шаарынын 16 жаштагы тургуну А.М. Шектүү убактылуу кармоочу жайга камалды.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *