Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Ош шаарынын аэропортуна белгисиз адамдар кирип келип, директорду сабап кетишти
Саясат

Ош шаарынын аэропортуна белгисиз адамдар кирип келип, директорду сабап кетишти

Ош шаарында белгисиз адамдар аэропортко кирип, директор Талант Исаковду уруп кетишти. Ал эс учун жоготуп койду. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту билдирди.

Маалыматка ылайык, белгисиз адамдар жетекчисинен креслону бошотууну талап кылып, экс-мэр Мелис Мырзакматовдон келишкендигин айтышты. Ал бүгүн Ошко учуп келмек.

Учурда абал туруктуу. Мырзакматовдун тарапкерлери дагы деле болсо аэропортто, шаардык муниципалитеттин мурдагы башчысынын келишин күтүп жатышат.

Мелис Мырзакматов 2009-2013-жылдары Ош шаарынын мэриясын жетектеген. Ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш иши козголгондон кийин ал республикадан качып кеткен.

2015-жылы Ош шаардык соту Шералы Камчыбековдун төрагалыгы алдында түштүк борбордун мурдагы башчысын күнөөлүү деп таап, сыртынан жети жылга эркинен ажыраткан. Экс-мэр издөөгө алынган.

Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Япония орус жарандары үчүн визасыз режим киргизет

Япон агенттиги Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусунан өткөн көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлөт