Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев: “Кадр маселесине Жогорку Кеңештин депутаттары киришпесин”

“Кадр маселесине Жогорку Кеңештин депутаттары киришпесин”. Мындай пикирин Ош шаарын мэри Таалайбек Сарыбашев шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында билдирди.

Бүгүн, 30-октябрда Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында 9 маселе каралды. Аягында сунуш-пикирлерге кезек берилип «Республика — Ата Журт» фракциясынын өкүлү Бекболот Азибаев шаар башчысына.

“Урматтуу мэр, өзүңүзгө жакпаган кадрлардын иш ордун карасаңыз”,- деген сунуш киргизди.

 “Макул, мен карап берейин. Бирок кадр маселесине Жогорку Кеңештин депутаттары кирише бербесин, айтып койгула”,– деди Сарыбашев.

Булак: Кyrgyztoday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *