Ош шаарынын мэрлигине КСДПчы Айтмамат Кадырбаевдин талапкерлиги кайра көрсөтүлдү

Ош шаардык кеңешиндеги КСДП баш болгон “Мыйзам жана ыйман” коалициясы мэрлик кызматка 2013-жылдан бери шаарды башкарып жаткан Айтмамат Кадырбаевдин талапкерлигин бир ооздон колдоп беришти. Ал эми оппозициялык азчылык азырынча өз талапкерин сунуштай элек.

Эске салсак, 2010-жылга чейин шаар башчысы президент тарабынан дайындалып келген. Ал эми 2010-жылдан баштап жаңы мыйзам боюнча шаар мэрлери депутаттар тарабынан шайлана баштаган.

Аймактык шайлоо комиссиясынын билдирүүсүнө караганда мэрди шайлоо 25-майга белгиленди.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *