Ош шаарынын мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаевдин тууганына ким кол салды?

Ошто белгисиз бирөөлөр Улан Райымбековго кол салышты. Бул тууралуу Ош ШИИББнын басма сөз кызматы бүгүн, 13-январда журналисттерге билдирди.

Алардын маалыматына караганда, ар кандай жаракат алып, оор абалда ооруканага жеткирилген У.Райымбеков милицияга арыз жазуудан баш тартып койгон. Анткени менен бул факт Кылымыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда бул иш такталууда.

Айрым маалыматтарга караганда, жабырлануучу  У.Райымбеков Ош шаарын төрт жыл башкарган мурдагы мэр Айтмамат Кадырбаевдин тууганы.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *