Ошентип Турдакун Усубалиевдин ысымы төрт жерге берилди

Мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата Кыргызстанда төр жер анын ысымын алып олтурат:

1. Аламүдүн капчыгайындагы Салык мөңгүсүнүн жанындагы аты жок келген чокуга берилип, эми картада Усубалиев чокусу пайда болду.

2. Өкмөт үйүнүн жанындагы Эски аянт мындан ары Турдакун Усубалиевдин ысымын алып жүрөт.

3. Нарын шаарынын борбордук аянты Т.Усубалиевдин атын алып, эстелиги да орнотулду.

4. Күрп-Сай ГЭСине да мамлекеттик ишмердин ысымы ыйгарылды.

Бишкек шаарынын өзүн, Киев көчөсүн, Бишкектеги райондордун бирин Турдакун Усубалиевдин ысымын берүү сунуштарынан тышкары да сунуштар түшүп жатканы айтылууда. Соцтармактарга кайсыл бир жараныбыз жазгандай, Турдакун Усубалиев атындагы республика эле болуп алсакпы, ыя?

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *