Ошко Екатеринбургдан 239 кыргызстандык кайтып келди

Кечээ, 31-июлда Ошко Екатеринбургдан 239 кыргызстандык, анын ичинде жаш балдар кайтып келишти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөгө Россияда окуган студенттер жана Екатеринбург, Челябинск, Тюмень, Сургут, Магнитогорск, Салехард, Ханты-Мансийск, Новый Уренгой, Курган жана Пермьде жүргөн турмушу оор кырдаалдагы жарандар кайтып келди.

Белгиленгендей, келгендердин арасында катуу ооруган адамдар, кары адамдар, кош бойлуу аялдар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле оор турмуштук кырдаалга туш болгон кыргызстандыктар бар.

“Жүргүнчүлөрдүн тизмеси келип түшкөн жарандардын кайрылууларын, Урал федералдык аймагындагы шаарлардын жана региондордогу кыргыз диаспора уюмдарынын жетекчилеринин сунуштарын жана “Урал аба жолдору” авиакомпаниясына билеттерди мурда сатып алгандарды эске алуу менен түзүлдү” – деп айтылат билдирүүдө.

Кыргыз жарандарын мекенине кайтаруу иштери улантылууда.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *