Ошто 8 күндүн ичинде миңден ашуун айдоочу эреже бузду

Ош шаарында 8 күндүн ичинде миңден ашуун айдоочу жол эрежесин бузду. Алардын ичинде 8 айдоочу мас абалда болгон. Бул тууралуу Ош шаары боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз катчысы Рашид Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, 11-майда шаарда такси каттамына уруксат берилгенден баштап миңден ашуун айдоочуга административдик протокол түзүлгөн. Ар кандай себептер менен жол эрежесин бузган 43 айдоочунун унаасы айып короого токтотулуп, документи жок унаа башкарып жүргөн 33 айдоочу кармалган. Ал эми мас абалда унаа башкарган 8 айдоочуга айып пул салынган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *