Ошто “Бир бол” партиясынын тизмеси менен депутаттыкка аттанган Нурлан Сүйүнов уулдуу болуп, атын Бирбол койду

Бүгүн, 13-мартта Ош мамлекеттик каттоо кызматы 11-мартта төрөлгөн Бирбол Сүйүновго туулгандыгы тууралу күбөлүк жазып берди. Бирболдун атасы Сүйүнов Нурлан 12-апрелде өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоодо Ош шаардык кеңешине депутаттыкка “Бир бол” партиясынын тизмеси менен аттанууда. Бул тууралу партиянын лидери Алтынбек Сулайманов өзүнүн социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу билдирди.

“Сүйүнчү!
Кыргыздын саны бир жигитке көбөйдү. Бешик боо бек болсун! Бирбол Сүйүновдун келечеги кең, өмүрү узун болсун. Атыңа затың жарашып элдин башын бириктирген, ынтымакты чыңдаган уулдардан бологой! Бар бол балам, Бирбол!”, – деп жазат Инстаграм баракчасында Сулайманов.

“Сүйүновдордун үй-бүлөсүндө чоң кубаныч, жаңы төрөлгөн ымыркайга Бирбол деген ысым беришти. Бешик боо бек болсун! Сүйүнов Бирбол ыймандуу, элим деген эр азаматтардан болуп чоңойсун!” – деп жазат Фейсбук баракчасында Алтынбек Сулайманов.

Бирбол Сүйүновдун бешик боосу бек болсун!

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *