Ошто коронавирус илдетин жуктуруп алган 111 жаран айыкты

Ош шаарында коронавирус оорусун жуктуруп алган 111 жаран айыкты. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев брифингде билдирди.

Анын айтымында, Ош шаарында эпидемиологиялык абал туруктуу. Илдетти жалпы 127 жаран жуктурган. Анын 111 айыкты, калган 16 жаран дарыланып жатат. Ошондой эле 2 киши каза болгон. Шаардагы обсервацияларда 525 адам болууда. Ал эми үй карантинде 775 адам бар.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 1270 жетти. Алардын ичинен 266 медицина кызматкери. Илдеттен 910 жаран айыкса, 14 адам каза болду.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *