Ошто күйөөсүн арматура менен башка чаап өлтүргөн аял 9 жылга соттолду

Өткөн аптада, 4-март күнү Ош шаардык соту күйөөсүн арматура менен чаап өлтүргөн 28 жаштагы П.Г. аттуу келинди 9 жылга соттоду. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы кабарлайт.

Такталгандай, аял «ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен айыпталган. Сот ага 90 миң сом айып пул салып, 9 жылга эркинен ажыраткан.

Соттолгон келиндин 5 жана 6 жаштагы эки баласы бар.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын ноябрь айында Ошто күйөөсүнүн өлүмүнө шектүү катары аялы кармалган. Милиция аялды каза болгон жолдошун жоктоп, боз үйдө ыйлап отурган жеринен кармап кеткен.

Башында маркумдун аялы “сырттан ушундай абалда келген” деген версияны айткан. Тергөөнүн жүрүшүндө, аял алардын ортосунда чыр чатак болгонун, ошол күнү жолдошу үйүнө келип, эңкейип бут кийимин чечип жаткан кезде, жоон арматура менен башка 3 жолу чапканын айтып, күнөөнү мойнуна алган.

Жубайлар 6 жыл бирге жашап, 2 баланы тарбиялап келишкен.

Булак: «KyrgyzToday»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *