Ошто тарыхый инсандар эскерилип, эстеликтерине гүлчамбар коюлду

Бүгүн, 6-ноябрда, Ош шаарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, уюшулган иш-чарада тарыхый инсандар: Султан Ибраимов, Абдыкадыр Орозбеков, Исхак Раззаков, Алымбек датка, Курманжан датка, Исакбек Монуев, Апсамат Масалиев эскерилип, эстеликтерине гүлчамбар коюлган.

Эске сала кетсек, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндү белгилөө 2017-жылы андагы президент Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы менен кабыл алынган. Жогорку Кеӊеш ар жылы 7-8-ноябрь күндөрүн Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгилөө жөнүндө токтом кабыл алган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *