Ошто жана Жалал-Абадда дарыгерлерге вирустан коргоочу керектүү каражаттар берилүүдө

Ош жана Жалал-Абад облустарындагы ооруканаларда иштеп жаткан дарыгерлер вирустан коргоочу керектүү каражаттар менен камсыздалууда. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта онлайн маалымат жыйыны учурунда Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Аталган аймактагы медицина кызматкерлерине кечээ, 23-мартта 1 миң 200, бүгүн, 24-мартта 1 миң 400 даана бет кап жана көз айнек комплектери жөнөтүлдү. 

Учурда өлкөдө коронавирус менен ооругандардын саны 42 адамды түзөт.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *