Ошто жол кырсыгы болуп, бир адам жабыркап, ооруканага жеткирилди

Ош—Ноокат унаа жолунда жол кырсыгы болуп, бир адам жабыркап, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы бүгүн, 28-январда билдирди.
Алардын билдирүүсүнө караганда, жол кырсыгы кечээ, 27-январда, түнкү саат 02:00 чамасында Ош—Ноокат жолунун 13-чакырымында, Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылында болгон. «Хундай Портер» машинасы жолдун четинде токтоп турган «Хундай Портер» машинасын сүзүп барып, токтогон. Анын кесепетинен токтоп турган машинанын ичиндеги жүргүнчү жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *