Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев унаасынын “тонировкасын” сыйрыды (фото)

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев мыйзамга баш ийүү ар бир жарандын милдети экендигин билдирип, өз унаасынын терезесин караңгылаткан чыптаманы сыйрыды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, кечээ ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана министрликтин башкы штабынын жетекчиси Бактыгул Абдыжалиев унаасынын “тонировкасын” алып салышканын билдирген.

Белгилей кетсек, кыргызстандык айдоочуларга машиненин алдыңкы каптал айнектерин караңгылатып жүрүүгө 18-июлдан тарта расмий түрдө тыюу салынды. Бул боюнча өкмөттүн токтому 30-июнда чыккан. Эрежеге баш ийбегендерге 2000 сом айыппул салуу жана башка чара көрүү ыкмалары каралган.

2 1

1 ой-пикир

  • Урматуу Ош мээри жардамныздарга муктажмын менде уйум же жерим жок куйом эки жыл алдын отуп кеткен мен эки балам бар азыр учурда ар жерде жашап журобуз квартирада жашайн десек акча жетпет тамак ашыбызга зорго жетет иштейн десем балдарым кичине эчкимим жок сиздерден суранам уйдон жардам кылсанздар жакшы болот эле ушул номер меники 0559421101жооп кутом сиздерден

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *