Оштун мэри Сарыбашев ооруп Бишкекте дарыланып жатат, мэрдин милдетин аткаруу вице-мэрге жүктөлдү

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев Бишкекте дарыланууда. Бул тууралуу түштүк борбордун мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, 16-ноябрдан бери Таалайбек Сарыбашев Бишкектеги ооруканада дарыланып жатат. Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруу вице-мэр Саибжан Турдуевге жүктөлгөн.

Абсаттаров белгилегендей, Сарыбашевдин оорусу коронавирус менен байланыштуу эмес.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *