Оштун “үч баатырынан” кем калбай биригебиз деген Чүй кланынын “үч баатырынын” чайлашуусу мушташ менен аяктады

Президенттик дымактары бар түштүктүн “үч баатыры” Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиев 30-ноябрда саясый күрөшкө биригишкенин, “чоң казатка” чоогу аттанышканын, алардын ичинен бирөөсү президенттикке ат салышарын жарыялашкан.

“Манастан Чубак кем бекен” дегендей Чүй кланынын президенттик дымактары бар “үч баатыры” Темир Сариев, Канат Исаев жана Туйгуналы Абдраимовдор да тигилерди туурап, саясый күрөшкө биригип, “чоң казатка” чоогу аттануу менен Чүйдөн президент чыгаруу аракетин башташкан.

7-декабрь күнү Мадумаров, Келдибеков, Ташиев үчилтиги Жалал-Абадга келишип, “Курманбек” стадионуна  3 миңден ашык эл жыйнап, бийликке каршы митинг уюштуруп, жалындуу сөздөрдү сүйлөштү. Анан эл аралап кетишти.

Ал эми Сариев, Исаев, Абдраимов үчилтиги 7-декабрь күнү кечинде Бишкектин чок ортосундагы “Охота на овец” түнкү клубунун бир кабинасына жашыруун жолугушуп, саясый күрөштүн стратегиясы менен тактикасын талкууламакчы болушат. Алгач «кан өчтү” душманга айланды деп жатышкан Темир Сариев менен Канат Исаев ысык кучакташып жарашышып, алардын бир эле душманы бар экенин, ошол душман алардын ортосуна от таштап уруштурганын такташат. Анан “сеп этмейлер” башталып, кызып алган Туйгуналы Абдраимов ал жерде олтурушкан журналисттер Асланбек Сартбаевди башка бокал менен чаап, арага түшө калам деген Сабыр Муканбетовду полго сулата чаап ыргытат. Ортого карылуу Сариев менен Исаев түшө калышып гана Абдраимовду токтотушат. Бул окуя тууралу окурман Гаухар Сулайманова: “ Ушул тамакты да жөндөп иче албайсынар, анан кимди жыргатасынар?” деп жазат. Мушташтан кийин Сартбаев үчилтикти таштап чыгып кетет. Мушташ болгонун эч жерде танган жок. Ал эми Сабыр Муканбетов полго кантип ыргып барып сулап калганын танып, жанын жеп жатат: “Мунун баары калп! Мушташ болгон эмес. Аслан калп айтып жатат. Ал мас болуп келгенинен биз аны кууп жибергенбиз. Ошого ызаланып эле айтып жатат” дейт. Бул тууралу белгилүү укук коргоочу Качкын Булатов минтип жазыптыр: “Журт бузар Сабыр Муканбетовдун тегерегинде ушундай такай чыр чыгат. Сабыр өзү катындай неме, эркектер мындайларды бор көтөн деп коёт. Чөөлөрдөй болуп ушакчы качан эле элчи болуп калганына тан каласын. Эч качан Сабыр чөө жүргөн жерде чөп чыкпайт. Ботко сымал чөө адам деле эмес. Арслан кантип ушуга ишенет таң калыштуу”

Мушташ чыкканда алар олтурган кабинага союлдай-союлдай болгон 6 жигит жулунуп кирип келишкен. Көрсө алар тиги үчилтиктин жан сакчылары экен. Сариевдин 2 жан сакчысы, Исаевдин 2 жан сакчысы, Абдраимовдун 2 жан сакчысы сыртта акмалап кайтарып турушуптур. “Тарса-турса” катуу добуштар чыкканда албетте алар боссторуна жардамга шашылышат да. Парадокс – “бул жер биздики, бул жерге биз кожоюндук кылышыбыз керек” деп бөлүнгөндөр негедир өмүр бою өз жеринде бир нерседен коркушуп, жан сакчылар менен жүрүшкөнү. Ошол эле учурда Адахан Мадумаровдун же Камчыбек Ташиевдин бул жерде жан сакчы менен жүргөнүн байкай элекпиз.

“Биз чүйлүкпүз” деп биригип жатышкан азаматтар кимдер?  Туйгуналы Абдраимов моңолдор уруусунан экенин сыймыктанып айтып жүрөт. Мыкты уруу, бирок бул уруу эзелтеден Ат-Башы менен Кара-Кулжаны мекендегени жамы кыргызга маалым. Канат Исаев сарыбагыш уруусунан, бул уруу негизинен Кочкор, Нарынды мекендешкен. Кыргыздын акыркы доорлордогу эл башкаруучулары чыккан мыкты уруу. Ошондуктан Канат Исаев кыргыздын кийинки президенти сарыбагыштан чыгыш керек деп жүргөнү маалым. Ийгилик каалайбыз. Чүйдү эзелтен солтолор мекендешкен. Темир Сариев “мен солто уруусунун жоо чалыш уругунан болом” деп жүрөт. Бирок, 2011-жылы Солто коому Темир Сариевди “таза солто эмес” деп Солто коомунун төрагалыгына шайлабай анын ордуна генерал Кубат Кожоналиевди шайлашканын бир топ гезиттер жазып чыгышкан. Кыргыз этогенези боюнча адис, дүйнөлүк аты бар окумуштуу Саул Абрамзон кыргыздын Солто уруусундагы Жоо чалыш уругу Солтолор жоо чаап, калмактардан колго түшүрүп келген туткундардан тарап, Солтого сиңип кеткен урук деп жазганын анын эмгектеринен чукуп таап тарыхчы-санжырачы Анарбек Усупбаев жана журналист Адилет Айтикеевдер бир нече жолу китептерге жана гезиттерге жарыялашты.

Ошондуктан кыргыз саясатчылары мен бияктыкмын, сен тияктыксың же мен таза кыргызмын, сен чала кыргызсын деп бөлүнүшпөй бир уңгулуу улуттун идеологиясын жүргүзүүгө убакыт жетти.

Булак:   Кyrgyztoday.kg

 

1 ой-пикир

  • Алмаз says:

    Ээхх Кыргыздын ишенген жол башчылары минтип турса сен Чуй мен Ош сен Жалал -Абад мен Нарын деп болунуп турганын коруп туруп кантип умут кылабыз Кыргызтандан. Андан коро барып биригип ошол Ташиев.Мадумаров.Келдибеков. Учооно барып кошулбайбы ( Садыр Жапаров байкебиз корунбой кетти да бул байкебизден да сурануу менен бирге ынтымака чакырып кетер элек сыйлайбыз и сыймыктанабыз сиздей байкелерибиздин бардыгынан ).Оой бийликтеги байкелер карап турсак силер талашчуу деерлик эштеке деле калбаптыр, а бизди болсо минтип тентитип тыркыратып бутунор алдыбыз Арабия Эгипет Америкага чейин жетик дагы не калды силер талашчу.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *