Өскөнбай Мамажакыпов: “Президенттин көзөмөлдөөсүндө Калыков менен кошо прокурорлорго да сот адилеттүү чечим чыгараарына үмүттөнөм”

Каргашалуу күн

Эске сала кетсек, Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун сөөгү 2018- жылдын 18-ноябрга караган түнү Төрт-Күл суу сактагычына жакын жердеги жолдон табылып, денесинде зомбулуктун белгилери болгон. Укук коргоо органдары шектүү катары Капиталдык курулуш башкармалыгынын начальнигин кармашкан. Окуяга чейин анын прокурор Мамажакыпов менен чогуу жүргөнүн көргөндөр болгон. Ошол эле күнү аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси («Адам өлтүрүү») боюнча кылмыш иши козголгон. Милициянын маалыматы боюнча ал Мамажакыповду мергенчилик курал менен атып, андан соң кылмышын жашыруу максатында денесин өрттөп салган.

Баткен облусунун прокурорунун денеси эмнеден улам өрттөнгөнүн Башкы прокуратуранын Ыкчам издөө иштерин жана тергөөнү көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Замир Бейшекеев маалымат жыйын учурунда айтып берген. Анын айтымында, кылмышка шектүү Мелис Калыков аңчылыктан кайтканда прокурорду жалгыз Lexus LX470 унаасына салып кеткен.

«Шектүү биринчи сурагында экөө жолдо баратканда унаанын ичинде уруш чыгып, андан соң машинасын токтотуп сыртка чыгып мушташышканын айтып берген. Андан кийин мылтыгын алып чыгып кармашып жатканда экөө жыгылган. Ошол учурда кокусунан мылтыгы атылып, ок прокурордун башына тийген. Коркуп кетип тамеки чегет, анын чогунан бушлаты күйүп аны чечип жерге таштаганда жалын Мамажакыповго жабышканын айтты. Тергөө учурунда бир топ далил заттар, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү алынды. Ошондуктан Калыковдун күнөөсү далилденет», — ​деп билдирген Бейшекеев. Мындан сырткары, Бейшекеев Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялап, анда Баткен облусунун прокурорунун эки орун басары, эки бөлүм башчысы жана Баткен районунун прокурору, орун басары менен кошо иштен алынганын билдирген.

Учурда тергөө иштери кандай жүрүп жаткандыгын билүү максатында маркум Анарбай Мамажакыповдун бир тууган иниси Өскөнбай Мамажакыповго кайрылганбыз.

Өрттөлгөн дене

— Өскөнбай мырза, тергөө иштери кандай жүрүп жатат?

— Тергөө иштери Мелис Калыковду камакка алган күндөн баштап эле бүгүнкү күнгө чейин улантылып жатат. Сотко буйруса жакынкы күндөрү өтүп калаар, тергөө иштеринин жүрүшү менен таанышып жатабыз, адвокат жалдаганбыз.

— Мурда белгисиз болгон кандайдыр бир жаңы жагдайлар ачылган жокпу?

— Жок, андай жаңы жагдайлар деле ачылган жок. Мурдагы тергөөнүн жүрүшү менен эле иш алып барып жатышат.

— Сиздин жеке пикириңизде, айыпталып жаткан Мелис Калыков кимдир бирөөнүн буйрутмасын аткарышы мүмкүнбү?

— Менин оюмча Мелис Калыковго атайын буйрутма бергендер болгон эмес бирок, берки прокурорлордун кандайдыр бир тиешеси бар деп ойлойм. Анткени кошо чогуу чыгышып, атайын салып бергендей күмөн жаратып жатат. Андыктан тергөө иштери бул жагдайларды тыкыр иликтеп, алар дагы тиешелүү жазаларын алышаар.

— Калыковдун үй-бүлөсү сиздер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө аракет жасаштыбы?

— Мелис Калыковдун үй-бүлөсү биз менен сүйлөшүүгө бир топ аракет жасашты. Прокурорлорду айыптайбыз. Ошолор жасады, биздин бала кылган жок деп. Бирок, башында Мелис Калыковду кармаганда ал моюнуна алган да. Кийин тергөөдө анын адвокаттары үйрөтүп коюшкан да, моюнуңа албагын, жеңилдетебиз, сени куткарабыз деп алдап акчаларын алып жатат да. Азыр да адвокаттары атайын создуктуруп жатышат. Буга байланыштуу Мелис Калыков мен өлтүргөн эмесмин деп жатат. Бирок, далилдер бар да анын катыштыгы бар экенинде.

— Сот акыйкат чечим чыгарат деп ишенесизби?

— Соттор ачык-айкын иликтеп, акыйкат чечим чыгарат деген ишеничтемин. Себеби, Президент өз көзөмөлүнө алгандыгын айткан, анын негизинде тергөөчү, сот кызматкерлери талаптагыдай иш алып барат деген үмүттөмүн. Мелис Калыковдун жактоочулары ар түрдүү шылтоо менен кечиктирип, создуктуруп жатышат. Бул тууралуу да Президентке кайрылып, жазганбыз. Кудай буйруса акыйкат чечим чыгып, чыныгы күнөөлүүлөр аныкталып, тиешелүү жазаларын алат деген ишеничтебиз. Прокурорлор дагы, өлтүргөн Мелис Калыков дагы.

— Анарбай аганын үй-бүлөсү кайда жашап жатышат? Ата- энеңиздин абалы кандай?

— Үй-бүлөсү Ош шаарында турат. Жеңебиз үйдө, балдары окуп жатышат. Колубуздан агабызды кайтарып алуу келбейт экен, баарыбыз эле сыздап, бир тууганыбызды жоготуп, кабыргабыз кайышып айла жоктон күн кечирип жатабыз. Айрыкча ата- энебизге оор болду. Бүгүнкү күнгө чейин өзүбүзгө келе элекпиз.

Белгилей кетсек, Анарбай Мамажакыпов 43 жашта болчу, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Чак айылында туулган. Артында үч уул, бир кызы калды. Ал Баткен облусунун прокурору болуп жарым жыл иштеген. Ага чейин Талас облусунун, Ала-Бука районунун прокурору жана Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары болгон. Прокурордун сөөгү 19-ноябрда Чоң-Алайда өзүнүн туулуп-өскөн айылында жерге берилген.

Маектешкен Гүлкаир Мамасалы кызы

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *