Ок менен ойногон Болот Шер

Болот Шер деген депутатыбыз да өлө «оригинальный» адам. Эми сүйлөгөнүн айтпай эле коелу. Тим эле көркөм окуу боюнча сынакка катышып жаткандай таасир калтырат. Бирок, баарынан укмуш кылыгы али жоопсуз калганына эл да, балким өзү да түшүнбөй атса керек. Эсиңиздерде болсо керек, жердеш иниси Өмүрбек Бабанов өкмөт башчы болуп турганда мародерчулук чуусу чыгып, ага Болот Шердин ла аты аралашкан. Ошондо Боке иниси Өмүкеге окту «белекке» берип катуу кеткен. «Мына, менин алдымда эки ок турат. Эгер менин мароерчулукка тиешем бардыгын тастыктасаң, анда мен ушул эки октун бирин өзүмө кадайм. Эгер тастыктай албасаң…» деп аягын табышмактуу бүтүрүп, бир окту конвертке салып Бабановго берип жиберген. Ошону менен октон да, Болот Шерден да, Бабановдон да дайын жок. Ошол октун «тагдыры» кандай болгонун гезит аркылуу супар коелу дедик эле…

Булак: “Де-факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *