Өткөн жылы Экономика министрлиги 205 жолу, Бажы кызматкерлери 150 жолу командировкага деп коюп чет өлкөлөргө саякат жасашыптыр

2016-жылы Экономика министрлиги 205 жолу, Бажы кызматы 150 жолу командировкага деген шылтоо менен чет өлкөгө саякат жасашыптыр. Бул тууралуу вице-спикер Алтынай Өмүрбекова жар салды. Ал бул чет өлкөгө учуп барып келген “саякатчы бакалар” боюнча иликтеп, жыйынтыгында учкандары далилдениптир. Ар бир ведомство 40-50 жолудан эң кымбат делген бизнес-класс менен учушуптур. Мына ушуларды айткан Алтынай айым ЖКнын бюджет жана каржы комитетине кайрылып, “бул саякаттаганды сүйгөндөр кайсы каражат ме­нен учуп барып келишкен, эгер Кыргызстандын бюджетинин эсебинен болсо, аларга бюджеттин акчасына учууга ким уруксат берди, деги эле өкмөттөгүлөр өзүңөрдү аябай сыйлап, өзүңөр үчүн эч нерседен баш тартпайсыңар” – деген суроону кабыргасынан койду. Чындыгында эле өкмөттөгүлөр өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илгенди качан токтотушат.

Булак: “Фабула”

1 ой-пикир

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *