Отставкадагы милициянын полковниги шылуундук менен колго түштү

Сокулук районундагы жер тилкелерди сатуу боюнча шылуундук кылган деп аталган райондун Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы К.Б, милиция кызматкерлери тарабынан колго түштү. Бул тууралуу күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери билдиришти. Ал өзү милициянын отставкадагы полковниги экен. Жер тилкелери боюнча жакшы эле шылуундук кылган көрүнөт. Учурунда ар кайсыл райондордо милиция бөлүмдөрүнүн тергөө боюнча башчылардын орун басары болуп эмгектенип келген экен.  Азыр ал убактылуу кармалуучу жайга киргизилип олтурат. Тергөө амалдары жүрүүдө.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *