Отуз жыл өкүнүчтүү сабактары же Мамлекеттик тил эмне үчүн иштебейт?

Кечээ жакында жалпы мамлекеттик деңгээлде белгиленген дата– кыргыз тилинин мамлекеттик тилге айлангандыгына 30 жыл толгондугуна байланыштуу иш-чаралардын эң соңку жыйынтыгы салтанаттуу маараке болбой эле, аз жерден эне тилибиздин келечек тагдыры боюнча аза күтүү маанайына айланып кете жаздагандай таасир калды. Филармониядагы өткөн салтанатта сүйлөгөн президент Сооронбай Жээнбеков баш болуп, катардагы жарандарга чейин кыргыз тилинин мамлекеттүүлүгү азырынча кагаз жүзүндө калып, мыйзам толук түрдө иштебей жатканын өкүнүү менен белгилешти.

Мыйзам кабыл алынгандан бери бир муун толук калыптанып бүтүп, экинчиси мектеп босогосун аттап калган кезде ушундай арсар абалда туруунун өзү эле, жалпы кыргыз коомчулугунун интеллектуалдык-маданий потенциалынын бардык мүмкүнчүлүктөрүн күзгү сымал айгинелеп, ачык көрсөтүүдө. Же, так, сөздүн өз маанисинде айтканда, мыйзамды сыйлабоо, аны аткарууга аракет кылуунун ордуна, тескерисинче, мен ал мыйзамыңды уруп да ойнобойм деген сыяктуу мамиле жасоо эгемендик доорунан бери эле күнүмдүк тартипке, эрежеге айланып калган…

Биздин жарым феодалдык, жарым жапайы капиталисттик, жарым демократиялык гибрид-коомубузда жаңы идеология иштеп чыгам дешкен Осмонакун сыяктуу чаласабат, кошоматчылыктан башка нерселерди жакшы өздөштүрө алышпай калган байкуш идеологдор баарын астын-үстүн чакчелекей кылышып, коомдогу мурдагы калыптанган моралдык-нравалык баалуулуктарды биротоло талкалашканы менен да, алардын ордун толук кандуу алмаштыра турган эч нерсе жарата алышкан жок.

Бул абал дээрлик отуз жыл бою (эгерде Мамлекеттик тил кабыл алынган жылды улуттук жаңылануу, кайра жаралуунун жаңы чеги катары карай турган болсок) уланып келе жатат. Конкреттүү бир эле мисал. Бул мисал абдан таасын иллюстрация болуп бере алат. 2015-жылкы парламенттик шайлоолордун алдында кайсыл бир Борбордун атынан үйгө телефон чалып калышты. Коомдук пикирди иликтөө маселеси боюнча дешип. Кайсыл партияга добуш берүүнү чечкендигиме кызыгышты. Мен али чече электигимди, добуш берүүгө чейин ойлонуп көрүп, чече турганымды билдирдим. Добуш берүүчү күнү мурда өзүм добуш берип жүргөн эле шайлоо участогунан тизмеде жок болуп чыктым. Кыйла узакка созулган териштирүүдөн кийин гана, менин фамилиям Араван районундагы добуш берүү участокторунун биринде катталып калгандыгы билинди!..

Мен бийликчил партияга каршы добуш беремин деп айтпасам деле, өзүнөн өзү эле ушундай кырдаал жаралды. Адегенде мен муну тек гана техникалык ката дешкенине ишенип, этибарга алган деле эмесмин, а кийинчерээк билсем — мындай “атайылап жасалган чаташтыруулар” абдан көп жана да, болгондо да дээрлик бардык шайлоо участокторунда кеңири орун алыптыр! Дегеле, ушундай ыплас аракеттерди жасап жатышкан бийлик өкүлдөрүнүн демократия, адам укугу, шайлоо принциби тууралуу кооз сөздөрдү оозанууга акылары барбы? — деген суроо өзүнөн өзү жаралат. Демократиялык баалуулуктар, мыйзам баарына бирдей болуу керек, эгерде президент кылмыш кылса — ал дагы башка жарандардай эле соттолушу керек деп, жаттап алган жадыбалдай улам-улам, кайталап жүргөн Алмазбек Атамбаевдин доорунда андай аракеттер толук бойдон уланып, ал тургай күчөтүлгөн абалга жетти. Ашкан өзүм билемдиги менен, эч кеп жебеген, коомчулуктун пикирин уруп да ойнобогон адам деле, канчалык моюн толгогонуна карабай, үйдө куруп алган дзот-чептери да эч жардам бербей, сот жоопкерчилигине тартыла баштаган Атамбаевдин тагдыры керек болсо эч качан аткарылбаган мыйзамдардан да күчтүү, эртеби-кечпи — баары бир адилеттик орной турган Табигат Мыйзамынын бардыгын далилдеп турат!.. Баягы өзү улам айта берген сөздөрдүн укмуштай тездик менен ишке ашып кетиши да, сөздүн магиялык күчүнө тан берүүгө аргасыз кылып тургансыйт…

Мыйзамдары да, моралдык-нравалык критерийлери да оозеки сөз түрүндө болуп, эзелтен бери кыргыз эли сөзгө өзгөчө маани берип келгени анык. Балким, кагаз жүзүндөгү мыйзамдар толук иштебей, же кагазда гана калганына кайдыгер карашканы да ушундан уламбы деген ой жаралбай койбойт. Баягы эле табигый жана да эртедир-кечтир сөзсүз боло турган “мыйзамдарга” ашкере ишенгендиктен уламдыр?!

Канткен күндө да, азыркы Кыргызстандык коомчулуктун өзүнө гана таандык болгон бир өзгөчө “артыкчылыктары” пайда болгондугун да танууга болбос. Бул айрыкча эгемендик доорунда, мурдагы советтик идеология түп-тамырынан кулап, анын ордун боштук ээлеп калганда абдан ачык-айкын болду. Кандай бийик, ыйык идеялар (адам укугу, жалпы адамзат баалуулуктары деген кооз түшүнүктөр менен коштолгон) болсо да, цивилизациялуу дүйнөгө таандык бардык атрибуттардын баарын тең эң артта калган, сасыган кыргызбайлык көнүмүш адаттарга ыңгайлаштырып алуу аракеттери эч тоскоолдуктарсыз эле, дароо ишке ашып кеткендиги таң калычтуу деле болбой калды.

Мындай мисалдарды санай берсең, кагаз түтпөйт. 30 жылдан берки Кыргызстанга келип, тамырын жайып, жаңы гана эгемендүүлүк алган өлкөнү дүйнөлүк цивилизация баалуулуктарына сугармакчы болушкан көптөгөн эл аралык уюмдардын ишмердигине үстүртөн көз чаптыруу эле жетиштүү болор. Бул жаатта — “Кыргызстан-Сорос Фондунун”, көптөгөн ар кандай Эл аралык деп аталган уюмдардын иштерине талдоо жүргүзүп көрүү абдан бай материалды бере алмак.

Кечээ жакында эле айрым Интернеттик сайттарда жарыяланган, Булан Институттун Кыргызстандагы мектептердин окуу китептери жөнүндөгү баяндамасында камтылган фактылар дагы жогорудагы ойлорду ырастап турат. Дүйнөлүк Банк, Азия Өнүгүү Банкы сыяктуу демөөрчүлөр, донорлор менен биргелешип чыгарып жаткан окуу китептеринен орой каталар чыгып, жалпы коомчулукта нааразычылык менен коштолгон кыжырданууларды туудурду. Миллиондогон суммалар дайынсыз агып жатканы ачыкталды.

Бир кезде Борбордук Азиядагы демократия аралына айландык деп мактана баштадык эле, аягы эмне менен бүттү? Референдум, шайлоо, — фикцияга айланды. Ар кандай жогорку портфелдүү кызматтарга жарыяланган конкурстар катышуучулардын капчыктарынын чоңдугу менен өлчөнгөн учур биротоло орноп калды. Бир кезде билим жана маданият министри Ишенгүл Болжуровага президенттик администрациядагы жогорку мартабалуу бир кызматкер “кейс менен киришиңиз керек болчу!” — деп “баалуу кеңеш” айткан сымал… Мындай тартип-эрежелердин аягы күчтүү профессионалдар акырындап четтеп, бул системага кудайбердиева, талиева сымал оозуң кана десен мурдун көрсөткөн адамдардын келиши менен, эл аралык жана цивилизациялуу коомдун эреже-тартиптерин “кыргызбайчылык менталитетке ийгиликтүү адаптациялоо” менен аяктады!..

Эң өкүнүчтүүсү — ушундай абал дээрлик бардык тармактарда орун алууда. Бир кезде коммунисттик системанын былыктарын ашкерелеген академик Андрей Сахаров “бул оорудан өзүнүн жабыктыгынан улам, бир гана КГБ четте калды” деп айтканы бар. Биздеги атайын жана “жабык” кызматтагылардын көбү деле жердешчилик, кыргызбайчылык оорусунан арыла албай келе жатышкандыгын көрсөтүүдө. СНБнин мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев “Кой-Таш “элдик” республикасынын” жамаатына мал союп бергендигин “алардын идеясын колдоо” деп түшүнбөйт экен. Тек гана айылдаш тууган, мурдагы коллега катары моралдык колдоо десе керек.

Кыргызстанга 1931-жылы жаңы техникалык цивилизациянын үлгүсү катары келген, дээрлик бир кылымдык тарыхы бар радиого келсек, бул тармак да Эл аралык деңгээлге чейин “өсүп жеткен” учур келди. Болгондо да, жакшы жагынан эмес, дал терс жактарынан… Союз тушунда жабык-подпольдук түрдө иштеп келген “Азаттык” өз маалыматтарынын абдан тактыгы, оперативдүүлүгү менен таң калтырып турган. Ушунун өзү эле анын булактарынын эл аралык абдан күчтүү чалгынчылык, же, ачык айтканда, — ЦРУ менен! — дайыма тыгыз байланышта болуп келгендигин тастыктай алат.

Мурдагы союзда жаап-жашырылган, же жарым-жартылай гана айтылган, дал ошондуктан улам, эл оозундагы айың кептер, ушак сөздөр менен кошулуп, көбүртүлүп-жабыртылган коомдук-саясий окуялар тууралуу деле “Азаттык” (албетте, кээде — орусча теги-түгөйлөшү “Свобода”, “Голос Америки” сыяктуу радиоастанциялары менен тыгыз кызматташкандыктан улам) салыштырмалуу так жана адилет маалыматтарды бере алчу.

Башкасын айтпаганда деле, 1980-жылы декабрда Кыргызстанда болгон каргашалуу окуя — Султан Ибраимовдун трагедиялуу өлүмүн эске салсак болот. Бул тууралуу маалымат советтик басма сөздө абдан чектелип, учкай билдирүү гана берилген. Ал эми ошол кезде ар кандай чуру-чуулуу үндөр менен (атайын органдардын спецсредствалары аркылуу!) өчүрүлүп, сапаты жакшы угулбаган радиону жата калып угуп, бурамасын улам кайра жылып кеткен сайын бурагылап, кулагынын түбүнө кармагандар дароо маалымат алышкан. Алар Султан Ибраимовдун кандайча жагдайда атылганын, ал аткан адам Фрунзе-Москва поездинде бара жатканда, Саратов шаарынын аймагында поезддин туалетинде асылып өлтүрүлгөнүн билишкен. О‑о кийин, андан бир топ жылдар өткөн соң, Турдакун Усубалиевдин китебиндеги Султан Ибраимовдун өлүмүнө байланыштуу сот өкүмүн окуп жатып, мен так эле ошол 15–20 мүнөттүк берүүнүн жаңырыгын уккандай болгонмун…

Ал эми эгемендик алган жылдары бул радио ачык иштей баштап, эл арасында популярдуулугу мурдагыдан да арткандыгы анык. Мурда айрым саналуу интеллигенция өкүлдөрү, коомдук-саясий турмуштун көмүскө тарабына кызыккан, саналуу катмардагылар гана кызыгып угуп келишсе, эми жалпы эл аудиториясына арналып, баягы эле өзүнө таандык тактык, оперативдүүлүк сапаттары менен алдыга озуп келген. Анткени, мамлекеттик басмалар, радио-телелер “экинчи-үчүнчү свежесттеги” жаңылыктарды да элге толук жеткирбей, дале болсо цензура элеги аркылуу өткөрчү.

Тарыхта “Нашествие монголов”, “Нашествие калмыков” деп айтылган сымал, “Азаттык” раиосу эгемендиктин алгачкы доорунда профессионал эмес, любитель-радиожурналисттердин (өздөрүн “жаш тарыхчылар уюму” деп атап алышкан) чабуулуна кабылса, соңку кездерде “көлдүк жердештердин” тебелендисинде калгандыгы айтылууда. Мурда профессионал журналистиканын бийик критерийлерине жооп бере албагандыгы — радио экендигинен улам көп байкалбай келсе (жазуу стили дегенден такыр эле дайын жоктугу, оозеки келегей тилден билинмек беле?!), сөз эркиндиги кеңири орной элек кездеги маалыматтык дефицит учурундагы оперативдүүлүк кандайдыр бир деңгээлде бул кемчилдикти компенсациялап, жымсалдап, билдирбей келген. Азыркы шартка жараша, эл аралык радио мурдагы “көзүрлөрүнөн” табигый түрдө ажырап калып, анын мурда байкалбай келген көмүскө кемчилдиктери ашкереленип, ачыкка чыга баштады. Бир жагынан, сөз эркиндиги ээнбаштыкка, фейк-жаңылыктарга чейин жетип, экинчи жагынан, интернет сайттар жана соцтармактар менен оперативдүүлүк жагынан атаандашуу радио үчүн кыйын болду.

Ушундай жагдайда кайдагы бир тарыхчы-журналист, майда радиочиновниги түптүү, бай салты бар “Азаттыкты” оңой эле “проатамбаевчил радиого” айлантып салат деп, америкалык салык төлөөчүнүн түшүнө да кирбесе керек!? Башкача айтканда, — вывескасы эл аралык, демократиялык бойдон калганы менен, маңызы, алып барган ишинин деңгээли боюнча, — баягы эле накта кыргызбайчылык жаман чапанды кийип калды. Анысы аз келгенсип, коррупция элементтери боюнча шектелип жатса! Журналистикада аты-жыты жок, а бирок азыр популярдуулугу арткан Венера Жуматаева “Азаттыкта” тарыхчылар чабуулунан калган артефакт сымал болуп, кийинчерээк өз алдынча “көлдүктөрдүн нашествиесин” уюштуруп жибергенге жараптыр!.. Тарых факультетинен сырттан окуп, журналистикада дилетанттык жол менен ушундай “бийиктиктерге” жеткен бул айымдын кадрдык, моралдык-нравалык жорук-жосундары — ар кимдин өз абийириндеги жана ар бир адамдын өз деңгээлине жараша иши. Арийне, Атамбаев радио жетекчисине тартуулаган белеги — вилла — тууралуу басма сөздө айтылган версия — цивилизациялуу өлкөлөрдөгү эрежелерге ылайык, атайын укук коргоо органдарынын иликтөө предметине айланышы абзел.

Ишенбек Муртазаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *