Өз атасынан бала төрөгөн окуучу кыз мектепке бара баштады

Өз атасынан бала төрөгөн окуучу кыз мектепке бара баштады. Бул тууралуу Сокулук райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы журналисттерге бүгүн, 28-январда билдирди.

Алардын билдирүүсүнө караганда, окуучу кызга психологиялык жактан жардам көрсөтүлгөн. Ал учурда мектепте жакшы окуп жатат. Ал эми анын баласын багып алуудан апасы экөө баш тартышкан. Анын уулун учурда башка бирөөлөр асырап алууга документтерди даярдашууда.

Эске сала кетсек, былтыр, 2-сентябрда Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы 53 жаштагы А.М. аттуу адам 8-класстагы өз кызын зордуктаганы аныкталып, ал кармалып, камалып, 20 жылга кесилген. Ал эми өспүрүм кыз былтыр, 4-июлда бала төрөгөн.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *