Өзбек бийлиги «мамлекетке чыккынчылык кылууга» айыпталган экс-дипломаттын иши боюнча маалымат берди

Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматы (УКК) өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин мамлекетке чыккынчылык кылууга айыпталып жаткан мурдагы аткаминери Кодиржон Юсуповго каршы козголгон кылмыш иши боюнча маалымат берди.

Мекеменин маалыматына караганда, 2015-жылдан 2018-жылга чейинки аралыкта Юсупов Өзбекстанга кастык аракеттерди жасоого аракет кылган чет өлкөлүк атайын кызмат өкүлдөрүнө көптөгөн маалыматтарды, анын ичинде УКК органдарынын ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтарды топтоп берип турган.

Өткөн жумада «Хьюман Райтс Вотч» (Human Rights Watch) эл аралык укук коргоо уюму расмий Ташкентти психикалык оору менен жабыркаган мурдагы дипломат Кодиржон Юсуповду токтоосуз түрдө бошотууга үндөгөн.

67 жаштагы Кодиржон Юсупов «мамлекетке чыккынчылык кылуу» айыбы менен 2018-жылы декабрда кармалган. «Хьюман Райтс Вотч» уюмунун маалыматына караганда, мурдагы дипломат абакта кыйноого кабылып, анын ар-намысы тебеленүүдө.

Уюмдун билдирүүсүндө айтылгандай, Юсупов камакка алынгандан кийин дээрлик беш ай бою ага адвокаты менен туугандары киргизилбей, тергөөчүлөр анын жактоочусунун кызматынан баш тартышын талап кылышкан.

Бирок өлкөнүн атайын кызматы бул маалыматты четке кагып, «Юсуповго карата эч кандай психикалык, психологиялык жана физикалык басым болбогонун» билдирди.

Кодиржон Юсупов ТИМдеги кызматынан 10 жыл мурда кеткен. Учурда ал Улуттук коопсуздук кызматынын Ташкенттеги тергөө абагында камакта жатат. Туугандарынын айтымында, Юсупов 1995-жылдан бери оор психикалык оору менен жабыркап келет.

Экс-дипломаттын иши боюнча алгачкы соттук отурум 17-июнга белгиленген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *