Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Өзбек өкмөтү укук коргоочуга компенсация төлөп берүүгө милдеттендирилди
Борбордук Азияда Криминалдык хроника жана окуялар

Өзбек өкмөтү укук коргоочуга компенсация төлөп берүүгө милдеттендирилди

Өзбекстанда сот өкмөттү мыйзамсыз түрмөгө камалган укук коргоочу Чуян Маматкуловго компенсация төлөп берүүгө милдеттендирди.

Кашкадарыя соту 9-октябрда чыгарган өкүмгө ылайык, өкмөт укук коргоочуга 60 миллион сум (5 800 доллар) төлөп бериши керек.

Компенсация катары мамлекеттен 500 миллион сум (48 300 доллар) талап кылган Маматкулов сот чечими боюнча даттана турганын билдирди.

Укук коргоочу 2012-жылы алдамчылык, жалган көрсөтмө берүү жана адам уурдоо айыптары менен кармалып, кийинки жылы 10 жылга эркинен ажыратылган. Сотто ал айыптоолорду негизсиз деп атап, укук коргоочулар кылмыш иши саясий негиздер менен козголгонун билдиришкен.

Маматкулов 2018-жылы эркиндикке чыгып, 2020-жылы мартта бардык айыптоолор боюнча акталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Януковичтин иши Киев сотуна жөнөтүлдү

Январь айында эле 11 адам өрттөн каза тапты