Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев губернатор, мэрлерди эл түз шайлоосун сунуштады

Өзбекстандын жаңы шайланган президенти Шавкат Мирзиёев губернатор, мэрлерди түз шайлоону сунуштады. Бул тууралуу ал өлкө Конституциясынын кабыл алынышынын 24 жылдыгына арналган 7-декабрда Ташкентте болгон жыйында билдирди.

“Жергиликтүү бийликтер эл тарабынан шайланса, жоопкерчиликтүүрөөк болот” деген Мирзиёев “бүгүнкү күндө жергиликтүү бийлик эл менен сүйлөшпөйт, алардын маселесин чечпейт” деп кошумчалады.

Губернатор жана мэрлер Өзбекстанда президент тарабынан дайындалат. Шавкат Мирзиёев 2017-жылды “Эл менен диалог жана адам кызыкчылыктары жылы” деп жарыялоону сунуштады. Ислам Каримов каза болгондон кийин бийлик башына келген Шавкат Мирзиёев айрым саясий туткундарды абактан бошотуп, Борбор Азия мамлекеттери менен мамилесин оңдоо кадамдарын жасады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *