Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Өзбекстан колледждеринде бекер окуу жоюлат
Борбордук Азияда Коом

Өзбекстан колледждеринде бекер окуу жоюлат

Өзбекстан колледждери акы төлөө системасына өтүүдө. Тиешелүү токтомго президент Шавкат Мирзиёев кол койгон.

Буга чейин 9-классты бүтүргөн окуучулар колледждерге бекер кабыл алынып келген.

Мектептерди 2018-2019-жылдан баштап 11 жылдык окуу системасына которуу чечимине байланыштуу колледждердин ишмердүүлүгүн кайра карап чыгуу тапшырмасы берилди.

Каржы министрлиги жыл сайын чыгымдарды эсептеп, колледждеги окуу акысын белгилөөгө тийиш.

Бул арада калктын айрым социалдык катмары үчүн бекер окуу системасы сакталат. Маселен, кембагал үй-бүлөдөн чыккан балдар көп тармактуу колледждерде акы төлөбөй билим алышат.

Мамлекет бекер окуу үчүн гранттык орундарды бөлөт. Бюджет эсебинен окугандар аймактарда эң аз үч жыл иштөөсү зарыл.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ѳспүрүм бүтүрүүчүлѳрүбүз үчүн «акыркы конгуроо»-жашоосунун акыркы күнү болүп калбашы керек!

Япониянын Кыргызстандагы элчиси Ёсихиро Ямамура Жалал-Абадда медициналык жабдуулардын гранттык сертификатын тапшырды

Япониядагы круиздик лайнердеги карантин аяктады