Өзбекстан менен Казакстан темир жол билеттерине арзандатууларды киргизүүдө

«Өзбекстан темир жолдору» акционердик коому менен «Казакстан темир жолу» улуттук компаниясы жол кире сатып алууда арзандатуу системасын колдонуу тууралуу макулдашты.

Арзандатуунун өлчөмү билетти алдын ала сатып алуунун мөөнөтүнө жараша болот.

Өзбек медиалары кабарлагандай, күн мурун темир жол жетекчилери жолугушуп, эл аралык жүргүнчү ташууну уюштуруу маселелерин талкуулашты. Андан тышкары жолугушуунун катышуучулары 2017-жыл ичиндеги биргелешкен иштердин жыйынтыктарын анализдешти.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *