Өзбекстан Орусияда миграциялык өкүлчүлүктөрүнүн санын көбөйтөт

Өзбекстандын Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин алдындагы миграция маселелери боюнча агенттик Орусиянын бир нече аймагында өкүлчүлүктөрүн ачат. Мекемеден билдиришкендей, өкүлчүлүктөр Орусияда мыйзамдуу жашоону жана иштөөнү каалаган өзбекстандык мигранттарга жардам көрсөтөт.

Маалыматка караганда, анда Өзбекстандан барган эмгек мигранттарына орус тили, өлкөнүн тарыхы, маданияты, салттары жана Орусияда өзүн алып жүрүү эрежелери үйрөтүлүп, мыйзамсыз миграциянын кесепеттери тууралуу маалыматтар берилет.

Орусияда миграциялык өкүлчүлүктөрдү ачуу иштери жергиликтүү өзбек коомчулугу жана диаспоралар менен кызматташтыкта аткарылат. Алгачкы өкүлчүлүк Башкортостан республикасында ачылат. Учурда Орусияда Өзбекстандын эки гана консулдук өкүлчүлүгү бар — Москвада жана Новосибирскте.

Орусия ИИМинин акыркы маалыматы боюнча өлкө аймагында жумушка орношкон өзбек жарандарынын саны миллионго жакын.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *