Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Өзбекстан Орусиядан дагы 700 жаранын автобус менен алып келет
Борбордук Азияда

Өзбекстан Орусиядан дагы 700 жаранын автобус менен алып келет

Бүгүн, 6-октябрда Өзбекстандын Транспорт министрлигине караштуу «Узавтотранс сервис» ишканасы уюштурган 15 автобус менен Орусиянын Казан шаарынан 700гө жакын өзбекстандык мекенине келет.

Өзбекстандын Транспорт министрлигинин маалыматына караганда, бул автобустар Казан шаарынан 26-сентябрда чыккан.

Өткөн жумада Орусиянын Самара облусунда топтолгон 750 өзбекстандык мигрант 15 автобус менен мекенине жеткирилген.

Буга чейин Орусиянын Ростов жана Самара облустарында Казакстандын транзитке уруксат беришин күткөн Өзбекстандын миңдеген жараны чатырларда жашап жатканы кабарланган. Алардын көбү Орусиянын Ростов жана Самара облустарында жайгашкан.

Сентябрдын аягында Орусия бийлиги мекенине кете албай жаткан мигранттарга берилген миграциялык жеңилдиктердин мөөнөтүн 15-декабрга чейин узарткан. Ага ылайык, патент, виза, миграциялык каттоо жана ишке уруксат берчү башка документтердин мөөнөттөрүн узартуу талап кылынбайт. Бул арада мөөнөтү аяктаган документтер да жокко чыгарылбайт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Януковичтин иши Киев сотуна жөнөтүлдү

ЮНИСЕФ: Тажикстанда туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок 3 миң бала аныкталды