Өзбекстан темир жол долбоорун колдоду

Өзбекстан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча кыргыз тараптын позициясын колдоду. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков билдирди.

Анын айтымында, кыргыз-өзбек президенттери Алмазбек Атамбаев менен Шавкат Мирзиёев Самарканддагы жолугушуусунда эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде аймактык долбоорлорду талкуулады. Өзбек тарап аталган темир жол долбоорун кубаттады.

Президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга иш сапар менен 24-декабрда барган. Сапардын жүрүшүндө ал Ислам Каримовдун бейитине гүл коюп, куран окутту. Өзбекстандын жаңы шайланган президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу кызматташтыкты жана чечүүгө муктаж маселелерди да ортого салды.

Иран-Кыргызстан-Кытай темир жолу Кытайды Борбор Азия өлкөлөрү, андан ары Ооганстан, Иран жана Түркия аркылуу Чыгыш Европа менен байланыштырууга негизделген.

23-декабрда Кыргызстанга келген Иран президенти Хасан Роухани президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуу маалында темир жолду куруу демилгесин колдогон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *